Баткенде издөөдө жүргөн киши Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен районунун Кайыңды айылынын 28 жаштагы А.К. аттуу тургуну 2021-жылдын май айынан бери издөөдө жүргөн.
Баткен районунун аймагында жүргүзүлүп жаткан «Адам сатуу» операциясынын негизинде Баткен РИИБинин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 28 жаштагы шектүү 2022-жылдын июнь айынын аяктарында Бишкек шаарынын аймагынан жашынып жүргөн жеринен кармалып, Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.