Бишкектеги кафелердин биринде жаңжалдан улам каршылашына бычак сайган жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 30-июнда түнкү саат 01:07 чамасында кайгуул кызматына Жибек-Жолу менен Будённый көчөлөрүнүн кесилишиндеги кафеде жаңжал чыгып, бири экинчисине бычак сайганы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Кызматкерлер окуя болгон жерге барганда коноктор арасында пикир келишпестик орун алып, натыйжада бири экинчисине бир канча жолу бычак сайып жибергени аныкталган. Жабырлануучу Д.Д аттуу жаран оор абалда ооруканага жеткирилген.
Ал эми кылмышка шектүү 1989-жылы туулган А.Р. кармалып, Свердлов РИИБине жеткирилгени кабарланды. Учурда аталган иш боюнча кошумча тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.