Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин "Кичи, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо" долбоорунун алкагында "Керемет Банк" ААК "ОЧБны колдоо" пайызсыз насыя сунуштайт.
Долбоордун максаты болуп пандемиянын кесепетинен улам келип чыккан кризистен чыгуу үчүн кичи, чакан жана орто ишканаларга (КЧОИ) колдоо көрсөтүү саналат.
НАСЫЯНЫН МАКСАТТУУ БАГЫТЫ:
1) Операциялык айланма капитал (ишкердик иштин иштеши/калыбына келүүсү үчүн чийки зат, материалдар, запастар, товарлар жана башка ресурстар);
2) Операциялык чыгымдар:
Карыз алынган каражаттардын башка максаттарга пайдаланылышына жол берилбейт.
КАРЖЫЛЫК ЖАРДАМДЫ КАНТИП АЛУУГА БОЛОТ?
Долбоордун катышуучулары салык жана камсыздандыруу взностору боюнча карыздарынын жоктугу тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле эки категориядан турган төмөнкү критерийлерге жооп берүүгө тийиш:
1-категория
Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарына ылайык иштеген жана жылдык кирешеси 8 миллион сомдон ашык сумманы түзгөн жеке ишкерлер.
2-категория
Кыргыз Республикасынын Салык мыйзамдарына ылайык иштеген жана жылдык кирешеси 30 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер, ошондой эле юридикалык жактар.