Ош шаарындагы Ош-Араван каналынан 27 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош ШИИБнин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Саат 9:30 чамасында Ош-Араван каналынан 1995-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну А.уулу Б.нын жансыз денеси табылган. Ал мурда Ак-Буура дарыясынын боюнан жансыз денеси табылган Ш.к.А. аттуу кыз менен акыркы жолу бирге жүрүшкөн деген маалыматтар бар.
Туугандары таанышты. Тиешелүү иш-чаралар аткарылып жатат", - дешти мекемеден.
Буга чейин Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын боюнан 2-курстагы студент кыздын жансыз денеси табылган.