Бишкекте тоноого шектелип 41 жаштагы адам кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинен тоноого шектүү адам кармалганын билдиришти. Ага ылайык, Д.А. аттуу тургун райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 29-июнь күнү саат 04:00 чамасында арыз ээсинин үйүнө кирип, Redmi үлгүсүндөгү уюлдук телефонун тартып алып, андан соң изин жашырып кеткен И.Р. аттуу адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Бул факты Кылмыштардын реестрине "тоноо" боюнча катталып, кылмыш иши козголгон. Шектүү катары 1981-жылы туулган И.Р. аттуу тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан