Бишкекте тургундун 26 миң сомун уурдоого шектүү жаран кармалды

Бишкекте тургундун 26 миң сомун уурдоого шектелип 30 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен кабарлашты.

Ага ылайык, райондук милицияга С.С. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда 17-июнда борбор калаадагы ден соолукту чыңдоочу жайлардын бириндеги шкафтан 26 000 сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткен жарандарга чара көрүү өтүнүчү жазылган.

Бул факты Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жазык кодексинин 205-беренеси (уурулук) боюнча кылмыш иш козголгон.

Свердлов РИИБинин кызматкерлери кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган Н.А. аттуу жаранды кармашты. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан