Жай мезгилин коон, дарбызсыз элестетүү мүмкүн эмес. Дал ошол биз сүйүп жеген коондун пайдалуулугун орусиялык диетолог, медицина илимдеринин доктору Михаил Гинзбург "Газета. Ru" басылмасына айтып берди.
Айтымында, коон фолий кислотасы менен бета-каротиндин негизги булагы. Мындан тышкары коон кремний, темир, калий, магний жана клетчаткаларга бай. Ошондой эле анда канттын ордун толуктаган өзгөчө кошулмасы да бар.
"Бышып жетилген коондо витаминдер жана пайдалуу заттар эң көп өлчөмдө болот. Ошол эле учурда коонду организмге ашыкча канттын киришинен коркпостон жесе болот, коондун таттуулугу анын курамында фруктозанын же глюкозанын болушуна байланыштуу эмес.
Коондун курамында кант спиртинин өзгөчө молекулалары – эритритол бар, алар жагымдуу таттуу даам берет, бирок кант сыяктуу организмге сиңбейт. Канттуу коон, мисалы, канттуу чай сыяктуу зыяндуу эмес, эритритол организмдеги симбиоздук бактерияларды азыктандырат.
Коонду сатып алууда анын сырткы көрүнүшүнө, жытына көңүл буруу керек, жакшы коондун жыты жагымдуу болот.
Ошондой эле коондо С витамини арбын. Дени сак адам күнүнө 300 грамм коон жесе болот", - деген Гинзбург.