Чүйдө оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты

Чүйдө оор жүк ташуучу унаадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Бекитай айылында оор жүк ташуучу унаадан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 17:45те Жайыл райондук №22 ӨКБдан 1 бөлүм тартылып, саат 18:12де өрт толук чектөөгө алынган.

Маалыматка ылайык, оор жүк ташуучу унаада дөңгөлөктөр жүктөлүп келе жаткан. Куткаруучулар унаанын алдынкы бөлүгүн сактап калышкан. Бактыга жараша, жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан