Баткенде ишкерди коркутуу жолу менен акча каражатын опузалап талап кылган жаран кармалды

Баткенде ишкерди коркутуу жолу менен акчасын опузалап талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү Баткен облусунун Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагынын тургуну милицияга арыз менен кайрылып, 27-июнь күнү Умар аттуу жаран жабырлануучуга кайрылып, ишкерлик менен алектенгендиктен айына 500 доллар берүүсүн талап кылып коркуткандыгын билдирген.

Аталган факты боюнча "опузалап акча талап кылуу" беренеси менен иш козголгон. Жүргүзүлгөн операциянын жүрүшүндө Баткен ОИИБинин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну, 1986-жылы туулган А.А. кармалган.

Алынган ыкчам маалымат боюнча, кармалган жаран мурда кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Шектүү жаран А.А. Кадамжай районунун Полотхан айыл аймагындагы айылдардын биринде 16 миң сом акча каражатын алып жаткан жеринен кармалып, Баткен РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан