Поэтерапия: "Болду эми жолукпагың, тажатты жоруктарың"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу Миңсултан Шайлообек уулунун жазган ырларын сунуштайбыз.

Миңсултан Шайлообек уулу 1995-жылдын 30-мартында Жалал-Абад облусунун Аксы районунда туулган. Орто мектепти аяктаган соң Жалал-Абад шаардык маданият техникумунун эл аспаптар оркестр бөлүмүн аяктаган. 2014-2017-жылдары Жалал-Абад облустук Барпы Алыкулов атындагы кыргыз драма театрында актёр болуп эмгектенген. Учурда Москва шаарында эмгек мигранты.

САДАГАМ

Ооба, чындык сен кеткенде ыйлаганым,
Ачуу чындык төш каккылап туйлаганым.
Жүрөгүмдө оттой жанган сезим бар,
Ошол чындык мунун баарын туйбаганың.

Жок, жок, балким, баарын туйгандырсың,
Көз жаш менен ак жүзүңдү жуугандырсың.
Эми баары кеч экенин билгениңде,
Араң токтоп, көз жашыңды тыйгандырсың.

Садагам ой, садагасы жанымдын,
Садагалап атын жаздым, жаңы ырдын.
Уюп жүргөн жүрөгүмдө сөзүм бар,
Ошол сөзүм, жаным, сени сагындым.

САГЫНАРЫМ

Өмүрүм белек кылдым,
Өзүмдү аябастан.
Өксүтүп кеткениңде,
Өзгөрдүм кайра баштан.

Болду эми жолукпагың,
Тажатты жоруктарың.
Байкабайт дедиңби же,
Башкага жоолукканың.

Чалкыган деңиз болдум,
Бир келип конуп кеттиң,
Тиреген аска болдум.
Бирткелеп оюп кеттиң.
Өзгөнү каалай калбай,
Өмүргө шерик кылсам.
Өзүңдү баалай албай,
Башканы түндө күтөр,
Кумары болуп кеттиң.

Адашкан тагдырлар бар,
Ар башка жазылгандар.
Жашыруу кыйын тура,
Жаңылса сендей жандар.
Деп мага таарындыңбы?
Ортого от бүрүшкөн,
Обу жок ойсуздарга,
Ойлонбой кабылдыңбы?

Кызганып сагынарым,
Кызыккан кабыларым.
Күнүгө издеттирип,
Кылымдан табыларым.

МЕНДЕГИ КУСА

Сезимдер сага баштагы,
Жүрөктүн толкуп ташканы.
Жоругун сага окшотуп,
Сүйө албай койдум башканы.

Билбесем эмне, көрбөсөм,
Дүйнөдө сенин барлыгың.
Күлкүңө сенин көнбөсөм,
Сезбесем эмне, зар муңун.

Андагы сүйүүм нурданган,
Арманым эми сырданган.
Акылдуу жансың түшүндүң,
Айрылганымды жыргалдан.

КӨҢҮЛҮМДҮН ЭРКИ

Кызылды сүйгөн көңүлүм,
Кыйылып кээде төгүлдүм.
Кызыгын көрсөм турмуштун,
Кызыктуу ошол өмүрүм.

Сарыны сүйгөн көңүлүм,
Саргарып барып сөгүлдүм.
Санаадан чыкпай калганда,
Сагыныч кээ бир өмүрүм.

Жашылды сүйгөн көңүлүм,
Жаштыгым досум, сен бүгүн.
Жанашып акыл-эсиме,
Жаркырап жансын өмүрүм.

Караны сүйгөн көңүлүм,
Карааны бузук төгүнүм.
Кайрылып келбес жаштык ай,
Картайып барат өмүрүм.

Ак түстү сүйгөн көңүлүм,
Акыйкат менин бөлүгүм.
Ак бата тилейм элимден,
Ак жолтой болсун өмүрүм.

Бул ырлар менин жашоомдон алынган, негизинен башымдан өткөндөрдү жазууга аракет кылам. Ырлардагы сезимдер, менде азыр деле жашап жатат жана жашай берет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан