Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жол кырсыгы катталып, бир адам оор жаракат алды. Бул тууралуу Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.
Жазылган маалыматка таянсак, кырсык кечээ, 3-июлда Каракол-Ананьево-Балыкчы унаа жолунун 70-чакырымында катталган.
Анда Toyota 4runner менен Daewoo Labo үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн. Натыйжада Daewoo Labo унаасын башкарып бара жаткан 42 жаштагы А.Б. аттуу жаран Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.