Кейтеринг (англис тилинен "catering", тамактанууну уюштуруу, банкеттик кызмат) - алыскы аймактарда кызмат көрсөтүү менен байланышкан коомдук тамактануу тармагы, анын ичинде компания кызматкерлерин жана жеке адамдарды жеринде тейлөө боюнча келишимдик кызматтарды көрсөтүүчү бардык ишканалар жана кызматтар.
Кейтеринг 20-кылымдын башында АКШ жана Европанын бир катар өлкөлөрүндө асман тиреген имараттарды куруу учурунда жумушчуларын тамак-аш менен камсыз кылуу зарылчылыгынан улам келип чыккан.
Азыркы учурда өзгөчө Ковид-19 пандемиясынан кийин кейтеринг кызматы өз ишмердүүлүгүн күчөттү. Коомдук жайларга болгон чектөөлөр аталган кызматтын өнүгүүсүнө шарт түздү.
Өлкөбүздө кейтеринг менен алектенген бир топ ишканалар бар. Алардын ичинен бул тармакты алгачкылардан болуп негиздеген Азамат Уметалив SUPER.KG порталына өз ишмердүүлүгүн жана аталган бизнестин сырлары менен бөлүштү.
- Ишкердиктин бул түрүнө кандайча кызыгып калдыңыз?
- Мен негизи кичинекей кезимде учкуч болгум келчү. Убакыт өтүп, ал ойлорум ушул кейтеринг тармагына өзгөрдү. Өзүм да бизнестин бул тармагы боюнча сыналгылардан жана башка жерлерден көрүп кызыкчумун, маалыматым бар эле. Ошентип 2014-жылы 50 гана адамга ылайыкталган нан азыктары менен кейтеринг бизнесин баштадык. Ал убакта Кыргызстанда бизнестин бул түрү өнүгө элек болчу, атаандаштык дээрлик жок десем болот. Кийин ишибиз акырындык менен алдыга жыла баштады. Чоң-чоң мекемелер менен келишим түзүп, алар менен иштеше баштадык. Мисалы, азыр биздин ишкана миңге жакын жумушчусу бар Бишкек Жылуулук электр станциясы жана бир топ мамлекеттик мекемелер менен кызматташат. Ал тургай өлкөгө сырттан деллегациялар келгенде, биздин ишканага буйрутма беришет. Бул биздин ишенимдүү ишмердүүлүктү көрсөтүп жатканыбыз деп ойлойм.
- Кейтеринг өз кардарларына кандай жеңилдиктерди, мүмкүнчүлүктөрдү тартуулайт?
Мында сиз өзүңүздүн ашканаңызда тамак жасап, аны кардарларга өз алдынча жеткире аласыз. Ошондой эле бир жерди ижарага алып, ал жактан ашкана уюшуруп, квалификациялуу кызматкерлерди жалдасаңыз болот. Мисалы ресторан, кафе жана кардарлар ортосунда даярдалган тамак-ашты жеткирүү аркылуу байланыш түзүүчү боло аласыз. Жөн гана тамак-ашты жеткирүү кызматы эмес, ар кандай иш-чараларды, масштабдуу кечелерди өткөргөнгө мумкүнчүлүк түзөт.
Билгениңиздердей, кеңсе кызматкерлеринин коомдук жайларга барып тамактанууга убактысы жок, бул учурда кейтеринг кызматы жардамга келет.
- Бул кызматтын Бишкектен сырткары башка региондордогу өнүгүүсү тууралуу айтсаңыз.
- Бизнестин бул түрүн албетте, жашаган эли көп аймактарда өнүктүрүү мүмкүн. Учурда Бишкек шаарында гана иштеп жатабыз. Жакында Ош шаарында да ишмердүүлүгүбүздү көрсөтсөкпү деген каалоолорубуз бар.
- Компанияңыздын артыкчылыгы эмнеде? Ишкердиктин бул түрү менен алектенген башка компаниялардан эмнеси менен айырмаланат?
-Биздин компания көбүнчө ири мекемелердин кызматкерлеринин эртең мененки жана түшкү тамактануусун камсыздайт. Баасы коомдук тамактануучу жайлардан эки эсе арзан. Дамдуу кондитердик азыктар, ысык түшкү тамактар кардарларыбыздын арасында чоң суроо-талапка ээ болуп келет.
Артыкчылыгы, чет элдик ашканасы абдан өнүккөн. Бул боюнча алган бир топ сыйлыктарыбыз бар.
- Жеке ийгилигиңиздин сыры эмнеде, бөлүшө кетсеңиз?
Биринчи кезекте өз жумушуңду сүйүшүң керек. Албетте. жумушта кыйынчылыктар болот, бирок ага карабай коркпой, тобокелдиктерге баруу зарыл. Ошондой эле кардарлар менен сүйлөшө билгенди, кардарларды өзүңө тартканды билүү маанилүү нерсе. Чын дилиңден кызмат кылып, өзүңдү ошол жумушка арнасаң эле ийгилик жылмаят.
Бул тармакка кызыккандарга кандай кеңеш берет элеңиз?
- Жогоруда айтканымдай, ар бир иште тобокелчилик болот. Көп-көп тобокелдиктерге баруу керек, бирде болбосо, бирде сөзсүз болот. Эч качан артка чегинбей, алдыга гана умтулуу зарыл. Бул тармакка кызыккандар үчүн колуман келишинче жардам бере алам.