Ноокат шаарында 17 жаштагы кыз өз үйүндө асынып алды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
“17 жаштагы кыз үйүндө асынып алганы белгилүү болду. Маркумдун денесинде көзгө көрүнгөн жаракаттар болгон эмес. Туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышты.
Окуя тууралуу билдирүү милицияга аймактык ооруканадан түшкөн. Ооруканага сөөктү маркумдун жакындары алып келишкен”, - дешти мекемеден.
Белгилей кетсек, аталган окуя 28-июнь күнү катталганы маалымдалды.