Ысык-Көлдө жол кырсыгынан 7 жана 69 жаштагы жаран каза болуп, 14 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 4-июль күнү саат 19:30 чамасында Балыкчы - Ананьево - Каракол унаа жолунун 27- чакырымында орун алып, анда Honda Odyssey жана Toyota Estima үлгүсүндөгү жеңил унаалар кагылышкан.
Кырсык болгон жерге Балыкчы шаарынын №19 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми 14 адам ооруканага жеткирилген. Такталган маалыматка ылайык, каза болгондор 2015-жылы туулган М.Д. жана 1953-жылы туулган А.Ж. аттуу жарандар.