Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркады

Ысык-Көл облусунда жол кырсыгынан 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, Тоң районунун Ак-Сай айылын аралап өтүүчү Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунун 83-чакырымында Mercedes-Benz унаасынын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Катталган кырсыктын кесепетинен 5 эркек жана 1 аял ар кандай жаракат алышкан. Жабыркагандарды "Тез жардам" кызматы менен Тоң райондук ооруканага алып кетишкен. Кырсыкка кабылган адамдарга жардам көрсөтүү үчүн Тоң райондук №38 ӨКБдан 3 куткаруучу тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан