Ырчы Робби Уильямс 17,5 миллион фунт стерлингге хан сарай сатып алды

Британиялык ырчы Робби Уильямс Лондондун батыш тарабынан 17,5 миллион фунт стерлингге (болжол менен 29 миллион доллар) үй сатып алды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бүгүн, 2-декабрда кабарлашууда.
Робби Уильямс буга дейре жубайы Айда менен Лос-Анджелесте жашап келген. Ал бир нече ирет Лондондон үй алууга кызыкканын, бирок баалары абдан кымбат экендигинен улам ойлонуп жатканын журналисттерге маалымдаган. 2012-жылдын сентябрь айында Робби Теодора Роуз аттуу кыздуу болуп, ошондон кийин Лондондон үй алууга кызуу киришкен. Акыры ырчынын бул аракети ишке ашып, үй-бүлөсү менен жаңы конушуна кирүү алдында турат.
Чет элдик журналисттердин кабарлоосунда, ырчынын Лондондогу үйү чоң бассейн, үй кинотеатры, мыкты ашканасы жана башка жашоого керектүү шарттар менен камсыздалган. 
Кошумчалай кетсек, бул хан сарай Роббинин экинчи конушу. Буга чейин ырчы 18-кылымда салынган 7 бөлмөлүү хан сарайлардын бирин 8 миллион фунт стерлингге сатып алган. Ырчынын бул турак жайы Англиянын Уильтшир графтыгында жайгашкан. 
 Маалыматка караганда, хан сарайдын эски ээси 77 жашында каза болгон кинорежиссёр Майкл Виннер. Ал 2013-жылдын январь айында көз жумган эле. Ошондон кийин үйү сатыкка коюлуп, көптөн бери ээси табылбай жаткан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан