ПОЭТЕРАПИЯ: "Сен мени сүйөрүңдү сөз менен айтпасаң да, Баарысын мөлтүрөгөн көзүңдөн билип, туям"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу Элдияр Асылбековдун ырларын сунуштайбыз.

Элдияр Асылбеков Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Таш-Дөбө айылында 2002-жылдын 7-октябрында жарык дүйнөгө келген. 2020-жылы жылы Кыргыз-Түрк "Манас" университетине тапшырып, учурда аталган университеттин 2-курсунун студенти. "Манас" радиосунун алып баруучусу. 10-класстан баштап ыр жазып, ыр дүйнөсүнө аралашып келет. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин 25 жылдык мааракесине карата "Сүйүктүү университетим" аталышында ыр жазуу сынагында 2-орунду алган. 2020-жылы маркум Элмирбек Иманалиевдин жаркын элесине арналып жазылган ыры "Фабула" гезитине чыккан. 2022-жылы Кыргызпатент тарабынан жаш авторлордун чыгармалары топтолгон Саамалык-16 альманахына ырлары кирген. “Кыргызстандын мыкты окуучусу-2020”, “Кыргызстандын 100 мыкты студенти-2021” жана “Түрк дүйнөсүнүн эң мыкты студенти-2021” төш белгилеринин ээси.

БАЙЛЫГЫМ АТА-ЭНЕМ, БАКТЫМА БАР БОЛГУЛА!

Колго алып алгач ирет, кубанып сүйүнүшкөн,
Мен болгом махабаттын уузунан алгач ичкен.
Жыл санап өтүп жатат, октой тез өмүрүңөр,
Бетиңер бырыш тартсын, кайгы эмес сүйүнүчтөн.

Кас туруп калганымда, тай-тайлап жандадыңар,
Жыгылып түшпөсүн деп, колуман кармадыңар.
Инини, карындашты жаныма тирек кылып,
Кулпурган жаштыгыңар бир бизге арнадыңар.

Балалык коюнунда чалкытты мээримиңер,
Көлдөн да тереңирээк ажайып пейилиңер.
Чыйралтып өстүрүүдө тарбия-таалимиңер,
Сиздерге кызмат кылып актайбыз эмгегиңер.

Ата-энем жарык шамым, ар таңда тийген күнүм,
Калкалап турасыңар ызгаарын бул өмүрдүн.
Эч качан көңүлүңөр оорутпайм сөзүм берем,
Кубантып турсун дайым ар жолку ийгилигим.

Элде жок сый-урматты төшөйбүз жолдоруңа,
Небере жытын искеп, жетелеп колдоруңа,
Жараткан өмүр берсин жашоомдун көркү болуп,
Байлыгым ата-энем, бактыма бар болгула!

Бизге жарык дүйнөнү тартуулап, элден кем кылбаганга далбас уруп, жакшылыктарды ыроологон биздин ата-энелерибиз эмеспи. Мээнетин берип, мээримин төккөн ата-энелерибиз, акыбетин кайтарар күч-кубатка жеткенибизде, маңдайыбызда биздин ар бир ийгилигибизге кубанып, сыймыктанып гана турсун деген жакшы ниетте жазган ырым. Ата-энеме ар дайым ыраазычылыгымды билдирем!

ПОЭЗИЯ ААЛАМЫ
Жарык шамдай күйөт үмүт фонарым,
Угулгандай алыс кетип кабарым.
Келечекке коюп жүргөн максат чоң,
Курсам деген поэзия ааламын.

Ырлар жайнап тоо гүлүндөй гүлдөсүн,
Тикмечидей тиксем ырдын күрмөсүн.
Аткарылат көксөп жүргөн тилегим,
Көрктөндүрсөм поэзия дүйнөсүн.

Ырдын чачсам түбөлүктүү үрөнүн,
Көргөн жандар тамшаныша карасын.
Дыйкан сымал талбай жасап эмгекти,
Жашылдантсам поэзия талаасын.

Көңүл түшүп, көөдөн суусап калганда,
Кубат берип суусундукка жарасын.
Жан дүйнөдөн оргуп чыккан ыр менен,
Мекендейин поэзия калаасын.

Тынч Океан курчагандай Жер шарын.
Ырлар каптап турсун бардык тарабын,
Кемий көрбө, бөксөрбөсүн бир тамчы,
Акындардын кең поэзия ааламы!

Поэзияга бир учурларда кызыгуум артып, жакшы тилек менен дал ушул ырды жазган экенмин. Кыялдарымды, максаттарымды ушул ыр эске салып турат.

БАР БОЛГУЛА, ДАРЫГЕР АК ХАЛАТЧАН!
(Таажы ылаңы менен күрөшкөн ак халатчандардын урматына)

Түйшөлөсүң табамын деп дабасын,
Сактаймын деп дартка балта чабасың.
Ары күчтүү, ары баатыр жансың сен,
Коргоп турган өмүрдүн чек арасын.

Кармашам деп түрө салып билекти,
Кайра тартпай жоготом деп илдетти,
Эли үчүн жан аябай жөнөштү,
Моюнуна артып алып милдетти.

Кыйын түндө жылдыздардай жандыңар,
Өмүрүңөр тобокелге салдыңар.
Кайыл болуп, тууган, жубай, балага,
Калкың үчүн ажалга түз бардыңар.

Ойлонбостон керек ишин кылат бат,
Эмгек үчүн өзүңөргө болсун даңк.
Ажал менен алп урушуп талбаган,
Дарыгерлер, баарыңарга ырахмат!

Тайбай эч бир жоопкерчилик, талаптан,
Элди ойлоп күнү бүтүп, таңы аткан.
Өмүрүңөр узун болуп биз үчүн,
Бар болгула, дарыгер, ак халатчан!

Катарыңар кемибесин биз үчүн,
Жашагыла, дарыгер, ак халатчан!

Заманыбыздын жан сакчы, коргоочулары болгон ак халатчандар үчүн жазган ырым экен. Пандемиянын таасири дагы да болсо, менин чыгармачылыгымды арттырыптыр.

ЖАНЫМДА БОЛ
Көздөрүң болду сенин өзүңө тартып турган,
Саматып сагынычтын санаасын артып турган.
Түпөйүл жүрөгүмө түнөттүң ак жарыгың,
Мен сени ошол үчүн "нурум" деп айтып турам.

Сүйүүнүн дайрасына балкып да уюп турам,
Гүлдөрүн соолутпайм деп суусунан куюп турам.
Сен мени сүйөрүңдү сөз менен айтпасаң да,
Баарысын мөлтүрөгөн көзүңдөн билип, туям.

Сен менин кусалыгым, саат сайын эстей турган,
Багым да, барым да бол, жүрөгүм эзбей турган.

Тилээрим Жараткандан, сураарым жалгыз гана,
Түбөлүк жанымда бол, бир өмүр кетпей турган!

"Неге сүйүү ырларын жазбайсың?" деп суроолорду узаткандар көп. Бул ырдан кийин, бул деле жазат экен да деп таң калгандар көп болсо керек. Эң башкысы сүйүүлөр азап эмес, жыргалын тартууласын.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан