Нарын облустук курулуш башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан мамлекетке 4 миллион сомдон ашуун зыян келтирилген факты аныкталды. Бул туурасында Башкы прокуратурадан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт залын курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан.
Натыйжада мамлекетке жалпысынан 4 миллион 473 миң 536 сом зыян келтирилген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.