Чүйдүн Орто-Сай айылында курулуш материалдары өрттөндү. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Аламүдүн районуна караштуу Орто-Сай айылынын контур-5 тилкесинде көп кабаттуу жаңы курулуп жаткан үйдүн 11-12-кабатында 750 чарчы метр жыгач опалубка жана курулуш материалдары өрттөнгөн.
Жерине Бишкек шаардык өрткө каршы бөлүмдөрүнөн 6 бригада тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.