28-июндан бери дайынсыз. Өзгөндө 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева изделүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунда 34 жаштагы келин изделүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Өзгөн районунун 66 жаштагы тургуну Ш.К. 28-июнь күнү болжол менен саат 08:00 чамасында 34 жаштагы келини Жаанбаева Бузуура Шакиржонова Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Кийген кийимдери: Башында ак түстөгү жоолук, үстүндө жашыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым жана боз түстөгү бут кийим.

Өзгөчө белгилери: Бою 160-165 сантиметр, орто бойлуу, кара тору, кашы, көзү кара, чачы узун, кара түстө.

Эгерде изделип жаткан жаранды көргөн, билгендер болсо кабар берип коюуну милиция кызматкерлери өтүнөт.

Байланыш номерлери: 0323 35-06-36, 0550 33 43 23, 0779 33 43 23, 0504 44 55 41.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан