Чүй облусунун Беловодское айылындагы турак үйдөн өрт чыгып, 3 жаран каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-июлда саат 05:59да Беловодское айылынын Карл Маркс көчөсүндөгү турак үйдөн өрт чыккан.
"Кырсыктын кесепетинен 1958-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин жансыз денеси үйдүн короосунан, ал эми үйдүн ичинен 1963-жылы туулган К.Б. аттуу аялдын жана аты-жөнү тактала элек 1 эркек кишинин жансыз денеси табылды.
Өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылды", - деп айтылат маалыматта.