"Дордой" базарындагы өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Дордой" базарындагы 2 кабаттуу контейнерден чыккан өрт саат 11:32де чектөөгө алынды. Базардагы тез татым даярдоочу жана кийим-кече сатылган контейнердин 1000 чарчы метр аянты күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө 60 куткаруучудан турган жалпы 7 бөлүм тартылып, өрттү өчүрүү иши уланууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, жабыркагандар жок.