Баңгизаттарды жүгүртүү каналына бөгөт коюлду

Казакстандан өлкөгө өзгөчө ири өлчөмдөгү баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик каналын жөндөп алган баңгилик топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Аламүдүн районунун Ленинское айылында ыкчам-тергөө иш-аракеттерди өткөрүү учурунда салмагы 1 килограмм 800 граммды түзгөн гашиш баңгизатын сатуу учурунда 2001-жылы туулган Б.К. аттуу кыргыз жараны кармалган.

Андан кийинки иш-чараларды өткөрүү учурунда экинчи шектүү Казакстандын 2000-жылы туулган М.Э. аттуу жараны кармалган.

Ал Субару-Б4 үлгүсүндөгү унаага жашыруун орун жасап Казакстан Республикасынан Кыргызстанга көрсөтүлгөн баңги каражаттарды сатуу максатында аткезчилик жолу менен алып келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда баңгилик топтун башка мүчөлөрүн жана бул кылмышка тиешелүү жактарды кармоо иш-аракеттери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан