Биз социалдык тармакта

Бишкекте судьянын жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясы жасалма диплом колдонуп жүргөнү аныкталды. Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматынан маалым болду.

Маалыматка ылайык, 2003-жылы Т.М. аттуу судья Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин экономика факультетинин 3-курсунда окуп жүрүп, ушул эле окуу жайдын юридикалык факультетинин 1-курсуна мыйзамсыз тапшырган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан