Жалал-Абадда күч колдонуу менен тургундун унаасын тартып алган жаран кармалды

Жалал-Абадда күч колдонуу менен тургундун унаасын тартып алганга шектүү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2018-жылдын күзүндө алгач коркутуу жолу менен акча талап кылып, андан соң күч колдонуу менен ВАЗ-2 үлгүсүндөгү унаасын тартып алган чала таанышы А.Н.га карата тиешелүү чара көрүп берүүнү суранган.

"Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө кылмышка шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турган жана “положенец” макамына ээ болгон 1990-жылы туулган А.Н. кармалган.

Кармалган жаран Жалал-Абад шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан