Бүгүн, 5-июнь күнү К.Көлбаев атындагы тоннелдин ичинде унаа бузулуп, күйүп жаткандыгына байланыштуу унаалардын бардык түрүнө тоннель эки тарабынан убактылуу жабылган.
Кийинчирээк жол унаа кыймылы үчүн ачылган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматы боюнча Lexus 470 үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Кырсыктан жабыркагандар жок.