Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен өрт чыкты. Бул туурасында ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-июль күнү саат 00:30 чамасында Каракол шаарынын Восход кичи районунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн бир батири күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн.
Жерине Каракол шаардык №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүм тартылды.
Өрт саат 01:01де чектөөгө алынып, саат 01:30да толук өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар катталган жок.
Жалпысынан 8 чарчы метр үйдүн ичи жана үй оокаттары күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.