Караколдо дрифт уюштурган жаранга 7500 сом өлчөмүндөгү айып салынды

Каракол шаарында жолдун ортосунан дрифт уюштурган жаранга 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү саат 17:25 чамасында Тойота Карина үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жаңыдан реконструкция иштери аяктап, жаңы асфальт төшөлгөн Токтогул көчөсүндө дрифт уюштурган. Ага күбө болгондор Каракол ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдиришкен.

"Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө, дрифт уюштурган 19 жаштагы К.Б. Бишкек шаарынын тургуну экени аныкталды. Ага карата тиешелүү протокол түзүлүп, 7500 сом өлчөмүндө айып пул салынды жана унаа айып төлөнүүчү жайга киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан