Кыргыз-казак медиа өкүлдөрүнүн футболдук таймашы жыйынтыкталды (сүрөт)

Кечээ, 5-июль күнү Кыргызстан жана Казакстандын медиа өкүлдөрүнөн куралган "Top team KG" жана "One game" командаларынын футболдук таймашы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, оюн 2 тайм менен өтүп, Казакстандын курама командасы Кыргызстанды жеңип алды.

Оюн эки өлкөнүн достугун жана тилектештигин бекемдөө максатында уюштурулуп, дени сак жашоо образын жайылтуу жана жаштар арасында футбол оюнунун кеңири таратууну көздөгөнү маалымдалат.

Футболдук беттешке министр Азамат Жаманкулов, министрдин орун басары Союзбек Надырбеков жана маданият өкүлдөрү күбө болушту.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан