Интернетте чет элдик жарандарга кыргыз паспортторун жеткирип жаткан айдоочунун видеосу тарады. Министрликтин жообу

Буга чейин социалдык тармактарда айдоочу Кыргыз жарандарынын паспортторун коңшу өлкөгө жеткирип берип жатканы боюнча видео тараган. Видеодо көрсөтүлгөн паспорттор жарактуу эмес экендигин жана алар берилген паспорттун реестринде жок экендигин Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

"Видеодогу паспорттор жараксыз жана берилген паспорттордун реестринде жок. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр порталында да "паспорт жок" деген жооп алынды. Ошондуктан аларды жасалма деп айтууга болот.

Жасалма документтерди берүү фактыларын текшерүү боюнча тиешелүү органдарга кайрылабыз", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта кабарлангандай, видеодогу көрсөтүлгөн паспорттор адистер тарабынан изилдөөгө алынып, жеке маалыматтардын жок экендиги, сүрөттөрдүн, коргоочу элементтердин туура эместиги байкалган.

Жасалма паспорт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан