Токмок шаарында 14 жаштагы кыз имараттан кулап каза болду

Токмок шаарында өспүрүм кыз курулушу бүтө элек көп кабаттуу үйлөрдүн биринен кулап каза тапты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга 3-июль күнү Токмок шаарында бүтө элек көп кабаттуу имараттан өспүрүм кыз кулагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барган кезде 14 жаштагы Б.А. аттуу кыздын сөөгүн табышкан. Ал алган жаракатынан улам жеринде каза болгон.

Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан