"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы "Манас айылы" комплексин реконструкциялоо долбоорун иштеп чыгуу боюнча сынакка эскиздерди кабыл алууну аяктады. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, сынактын катышуучуларынан 14 долбоордук сунуш түшкөн. "Бишкек башкы архитектура" ишканасынын маалымат жыйынында эмгектердин ачык көргөзмөсү уюштурулган.
"Бекитилген программага жана шарттарга ылайык, сынак ушул жылдын 5-июнунан 6-июлга чейин жарыяланган. Ал эми коомдук талкуу 6-7-июль күндөрүнө, калыстар тобунун жыйынтыгы 8-июлга белгиленген.
Каалоочулар көргөзмөгө 6-7-июль күндөрү келсе болот. (Турусбеков көчөсү тарапта)", - деп жазылат маалыматта.