Социалдык тармактарда тыюу салынган экстремисттик уюмдардын материалдарын жайылтып жүргөнгө шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, интернетте диний экстремисттик жана террористтик үгүт материалдарды жайылтып жүргөн аял кармалган.
"Кызыл-Кыя шаарынын 46 жаштагы С.К. аттуу тургуну Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүгүнө тыюу салынган “ИШИМ” - Ирак, Шам ислам мамлекети (Игил) диний экстремисттик жана террористтик уюмуна тиешелүү символикаларды, аудио материалдарды, чакырыктарды жайылтып жүргөн.
Жогорудагы аталган диний уюмдар Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту тарабынан 2015-жылы террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.
Бул факты 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде катталып, тергөө иштери жүрүп жатат", - деп жазылган маалыматта.