Бүгүн, 6-июль күнү “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” диний экстремисттик уюмдун 6 мүчөсү соттолду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаардык сотунун өкүмү менен “Хизб ут-Тахрир аль-Ислами” ДЭУнун 6 мүчөсү 1,6 жылдан 6 жылга чейин эркинен ажыратылды.
Аталган уюмдун мүчөлөрү Кыргызстандын жарандарын экстремисттик уюмга мыйзамсыз тартуу үгүттөө менен алектенишкен.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө тыюу салынган көп сандагы экстремисттик адабияттар жана электрондук маалымат каражаттары табылып алынган.