Бишкекте дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы бала табылды

Бишкек шаарында буга чейин дайынсыз болуп жаткан 12 жаштагы бала табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 1-июль күнү Свердлов РИИБине шаар тургуну И.А. арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 14:00 чамасында 2010-жылы туулган жээни Т.К. Аламүдүн базарынан белгисиз тарапка кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы айтылган.

Бул факты Свердлов РИИБинде каттоого алынып, издөө иштери башталган. Ал 6-июль күнү жашы жете электер менен иштөө инспекторлору тарабынан Ленин районунун аймагынан табылып, мыйзамдуу өкүлүнө аман-эсен өткөрүп берилген. Ошондой эле аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөнү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан