Ысык-Көлдө малчысын өлтүрүп, аны кырсыктан каза болгонун көрсөтүүгө аракет кылган жаран кармалды

Ысык-Көлдө кашардын ээси малчысын өлтүрүп, аны кырсыктан каза болгонун көрсөтүүгө аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-июль күнү саат 02:00 чамасында Ак-Суу РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынан билдирүү түшкөн. Анда Лесное айылынын 51 жаштагы тургуну М.М. өзүнүн 46 жаштагы айылдашы Э.К.нын жансыз денесин алып келип, сууга агып каза болгонун айтып, андан соң өзү белгисиз тарапка кетип калганы айтылган.

"Каза болгон адамды сырттан кароо жүргүзүү учурунда анын башында жана колдорунда тытылган жаракаттар табылган. Мындай жагдай милиция кызматкерлеринде жарандын кырсыктан каза болгондугу боюнча шектенүүлөрдү жараткан.

Жарандын эмне себептен каза болгондугун тастыктоо үчүн Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Ал эми милиция кызматкерлери каза болгон жаранды ооруканага алып келген М.М.нын үйүнө барышкан. Бирок ал үйүндө жок болуп чыккандыктан, милиция кызматкерлери аны Каракол шаарынан табышып, Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Анын көрсөтмөсүнө ылайык, каза болгон Э.К. үй-бүлөсү жок болгондуктан акыркы 5 жылдан бери Алтын-Арашан жайлоосунда жайгашкан кашарда жашап, мал багып жүргөн. 5-июль күнү кечинде М.М. кашарына келсе, малчысы жок болуп чыккан. Малчысын издеп, аны кашардан 30 метр алыстыкта жайгашкан көпүрөнүн жанынан суудан таап алган жана малчы көпүрөдөн сууга кулап кеткендигин билдирген. Жабырлануучунун абалы оор экенин көрүп, аны унаасы менен ооруканага жеткирүүгө аракет кылган. Бирок ал жолдон каза болгон. Малчысын ооруканага калтырып, мал кароосуз калгандыктан кайрадан жайлоого кеткенин билдирген.

Берилген көрсөтмөнүн чын-төгүнүн аныктоо максатында Ак-Суу РИИБинин кызматкерлери бир катар тергөө иш-чараларын жүргүзүп, кашарды санкцияланган тинтүүдөн өткөрүшкөн. Тинтүү учурунда милиция кызматкерлери кандын издери бар сынган таяк менен малчынын төшөнчүсүн табышып, далил зат катары алышкан. Талашсыз далилдердин алдында Лесное айылынын тургуну М.М. чындыкты жашыра албай, малчынын өлүмү боюнча күнөөсүн моюнуна алды. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө белгилүү болгондой, пикир келишпестиктен улам кашардын ээси малчысын таяк менен бир нече жолу башка ургандыгын жана анын абалы оор болгондон улам ооруканага жеткиргендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.

Бул окуя боюнча Ак-Суу РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранга соттун чечими менен баш коргоо чарасы кабыл алынганча, Каракол ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланып жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан