Ош шаарында телефон, ноутбук уурдоого шектелгендер кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын 1999-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 22-июнь күнү саат 20:30 чамасында үйүнөн Редми 9 үлгүсүндөгү телефонун белгисиз жарандар уурдап кеткени айтылган. Ош ШИИБине мындай уурулук фактысы боюнча 7 арыз келип түшкөн.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү катары 2000-жылы туулган Ж. у А. жана 2004-жылы туулган К. у Б. кармалган.
"Ж. у А. бир айга камакка алынды. Ал эми К. у Б. жашы жете электигине байланыштуу үй камагына чыгарылды", - деп жазылат маалыматта.
Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.