Ош шаарында уурдалган унааны тетиктерге бөлүп сатууну көздөгөн жаран кармалды. Бул туурасында Ош ШИИБи тарабынан маалым болду.
Ага ылайык, милиция кызматына 27-июнда 1981-жылы туулган шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызда Исхак Раззаков көчөсүндөгү үйүнүн короосуна токтотуп койгон Дэо-Тико үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жаран уурдап, белгисиз тарапка айдап кеткендигин билдирген.
Аталган окуя Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) белгилери менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү жаранды издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Кылмышка тиешеси бар деген шек менен Кара-Суу районунун 1994-жылы туулган Х.Р аттуу тургуну кармалды. Анын үйүнө тинтүү жүргүзгөндө жабырлануучуга таандык болгон Дэо-Тико үлгүсүндөгү унаа тетиктери чачылган абалда табылган.
Шектүү сурак учурунда уурдаган унааны тетиктерге бөлүп сатарын айткан. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, иликтөө амалдары жүргүзүлүп жатат.