Токой чарбасынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

Токой чарбасынын жетекчиси УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Чаткал райондук токой чарбасынын башчысы УКМК кызматкерине 100 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.

"Көчөттөрдү мыйзамсыз кыюу жана аларды жооптуу адамдар тарабынан сатуу фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында Чаткал районунун токой чарбасынын ишмердүүлүгүнө текшерүү иштери башталган. Бирок Чаткал районунун токой чарбасынын башчысы А.К.Д. текшерүү иштерин чечүүгө аракет кылып, кылмыш ишин токтотуу боюнча оң чечим чыгаруу үчүн белгилүү өлчөмдөгү акча каражатын пара түрүндө сунуштаган", - деп жазылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө А.К.Д.га карата кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан