"Телефонун тартып алышкан". Бишкекте тоноого шектелип 3 адам кармалды

Бишкектин Свердлов РИИБинен тоноого шектүү жарандар кармалганын билдиришти. Ага ылайык, Д.Ы. аттуу тургун райондук милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал чала тааныш "Ж" жана "Б" аттуу эки жигитке жана 1 белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн.

Маалыматка ылайык, 23-июнь күнү арыз ээсинин үйүнүн жанынан аны унаага салып, бычак менен коркутуп, күч колдонуу менен Айфон 12 Про Макс үлгүсүндөгү 1 миң 180 долларлык уюлдук телефонун тартып алышкан.

Бул факты Кылмыштардын реестрине "тоноо" боюнча катталып, кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1997-жылы туулган С.Г., 2002-жылы туулган А.Б., 2004-жылы туулган И.Ж. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан