12-20-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында чоңдор арасында бильярд боюнча Дүйнө чемпионаты жана 19 жашка чейинкилер арасында Дүйнө биринчилиги өтөт.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, 12-15-июль күндөрү “Эркин пирамида” U-19 оюндары өтөт. Ал эми чоңдор арасында бильярддын “Динамикалуу пирамида” түрүнүн расмий ачылышы 16-июлда өтүп, оюндар 20-июлга чейин уланат.
Жалпысынан мелдешке дүйнөнүн 26 өлкөсүнөн 240ка жакын спортчунун катышуусу күтүлүүдө.