Сокулук районуна караштуу Орок айылында 32 жаштагы жарандын буту кыш (кирпич) чыгаруучу станокко кыпчылып калды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Орок айылында жайгашкан кыш чыгаруучу заводдо 1990-жылы туулган А. уулу М. аттуу эркек кишинин буту станокко кыпчылып калган. Жерине 4 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган бутун чыгарып "Тез жардам" кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат билдирүүдө.