Кыргызстандыктарды чет өлкөгө мыйзамсыз чыгарууга байланыштуу кылмыш иши тергелип бүтүп, сотко өткөнүн ИИМдин басма кызматынан маалымдашты.
Билдирүүгө ылайык, «Грин Лайт Компани» компаниясын жетектеген А.Н. аттуу жаран эч кандай уруксат кагазы жок 40 адамдан турган топту, анын ичинде балдарды Европага жана АКШга жөнөтүү максатында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз алып өтүп, Украина аркылуу Молдовага алып барган.
Ошол жактагы тааныштары менен бирге кыргызстандыктарды Молдовада беш ай бою кармап, аларды круиздик жана жүк лайнерлери менен бир нече жолу АКШ жана Европа өлкөлөрүнө ташууга аракет кылган.
Натыйжада Молдованын күч органдары Кыргыз жарандарына иш козгоп, кийин Кыргызстанга депортация кылышкан. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө 31 кылмыш иши козголуп, иш сотко жөнөтүлгөн. Материалдык чыгым 20 миллион сом деп эсептелүүдө.
ИИМ 27-июндан 4-июлга чейин өлкө аймагында экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы «Нелегал-Трафик» иш-чарасын жүргүздү. Натыйжада мыйзамсыз миграция боюнча 369 эреже бузуу фактысы, мыйзамсыз миграция уюштурулган 45 факты катталды.