13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурумга Акыйкатчы институтунун кызматкери киргизилген жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Акыйкатчы аппаратынын Сот процесстерин мониторингдөө бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев билдирди.
"Кылмыш-процессуалдык кодекстин нормаларына таянып, сот отуруму жабык өткөндүктөн бизди киргизбей коюшту. Анткени жабык сот процессине тараптардан башка адамдарды киргизүү боюнча шарттар каралган. Жабырлануучунун жактоочулары тарабынан дагы Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүн киргизүү боюнча оозеки түрүндө өтүнүч кайрылуу болгон. Бирок буга карабастан сот кирүүбүзгө уруксат берген жок.
Кийинки сот процессине көз салып, мониторинг жүргүзүүгө аракет кылабыз", - деди Калчабаев.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги Свердлов райондук сотунда 13 жаштагы кыздын зордукталышы боюнча соттук отурум болмок. Бирок ал белгисиз мөөнөткө жылдырылган.