Социалдык тармактарда кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду кармоо аракети тартылган видео тарады.
Видеодо көрүнгөндөй спецназдар Мерседес-Бенц G классындагы унаанын жанына чуркап барышкан. Бирок унаа токтобостон качып кеткен.
Айрым маалыматтарга караганда, Дөө-Чыңгыз туулуп-өскөн Ичке-Суу айылында күч түзүмдөрү менен кримтөбөлдүн тарапташтарынын ортосунда атышуу болгон.