Дөө-Чыңгыз каймана аты менен таанымал Чыңгыз Жумагуловду кармоо учурунда атышуу болгон деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"2022-жылдын 8-июлунда Чүй облусунун аймагында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда айрым ЖМКларда Чыңгыз Жумагулов жана анын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен атышуу болгону жана камакка алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт", - деп билдиришти УКМКдан.
Ошол эле учурда УКМК жалпыга маалымдоо каражаттардан жалган жана такталбаган маалыматтарды таркатпоону суранып, социалдык тармактардагы коомдук топтордун ээлерин маалыматты кылдат текшерип, коомчулукту адаштырбоого чакырды.
Кечээ, 8-июль күнү Бишкекте кримтөбөл Дөө-Чыңгыз отурган унаага белгисиз адамдар ок чыгаргандыгы кабарланган.