Маршруттук таксиде жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн жаранга айып пул салынды

Маршруттук таксиде жашы жете элек кызга ыдык көрсөткөн шектүү жаран аныкталып, ага 5 миң 500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, бул факты боюнча "Майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү 1993-жылы туулган К.Р. экендиги аныкталган. Ал эми 8-июлда Октябрь райондук сотунун чечими менен К.Р.га 5 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 6-июль күнү социалдык тармактарда маршруттук таксиде эркек киши жашы жете элек кызга ыдык көрсөтүп жаткан видео тараган. Аны көргөн жүргүнчү айым ыдык көрсөткөн кишини видеого тартууга аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан