Бишкекте "Батир алып берем" деп 1 миллион сомдон ашуун акчаны алып бербей жүргөн жаран кармалды

Алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн 36 жаштагы жаран кармалды. Бул туурасында Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 9-май күнү милицияга А.Р. аттуу Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда Молдокулов көчөсүндө жайгашкан ЖЧКлардын биринин башкы директору Б.М.га карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

"Ал турак жай комплекси пайдаланууга берилгенден кийин батир сатып берем деген шылтоо менен арыз ээсинен 1 миллион 463 миң сом алган. Андан соң ал убадасын аткарбай, белгисиз тарапка качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү 1986-жылы туулган Б.М. кармалды.

Ал Бишкек шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан