Борбордо мектеп окуучусун сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте мектеп окуучусун сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу 3-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка ылайык, 28-ноябрда Мерседес-Бенц 500 унаасын айдап бара жаткан 29 жаштагы И.Азат Ахунбаев көчөсүнөн 7-класстын окуучусун сүзүп кеткен. Аталган факты боюнча материалдар Бишкек ШИИБинин иликтөөчү бөлүмүнө өткөрүлдү.

Эске салсак, 28-ноябрда саат 09:30дар чамасында Ахунбаев көчөсү менен Тынчтык проспектисинин кесилишинде айдоочу 13 жаштагы баланы сүзүп, качып кеткен. Жаракат алган бала №3-балдар ооруканасына кайрылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан