"Акыркы көч" тасмасы эл аралык кинофестивалда атайын сыйлыкка ээ болду

"Акыркы көч" тасмасы "Батыш дарбазасы" III эл аралык кинофестивалында калыстар тобунун атайын сыйлыгын алды. Бул тууралуу аталган фильмдин режиссёрлорунун бири Дастан Жапар уулу социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Ошондой эле аталган тасмада баш каармандын ролун аткарган Марат Алышпаев да Ардак грамотага татыган.

III Эл аралык "Батыш дарбазалары" кинофестивалы 8-июлдан 10-июлга чейин Орусиянын Псков шаарында өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Эл артисти Марат Алышпаев ушул жылдын 4-апрелинде 75 жаш курагында каза болгон. Ал тасмада 20дан ашуун роль жараткан. Театрдагы образдары 100гө чамалайт, алардын көпчүлүгү башкы ролдор болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан